super.kg logo
  Саясат  

Мектептердин ижара акысын 100 пайыз бюджетке түшүрүү сунушталууда

 

Жогорку Кеңештин Билим берүү, маданият жана спорт комитетинин 13-январдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда. Ага ылайык, "Салыктык эмес төлөмдөр, тарыхый мурастарды пайдалануу, билим берүү жана маданият жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, буга чейин мектептер мамлекеттин карамагындагы имараттарды ижарага алып, 70 пайызын бюджетке төгүп келишкен. Жаңы сунушта ижара акысын 100 пайыз бюджетке түшүрүү каралат. Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Бишкекте 24 имарат мектептерде ижарада турганын айтты. “Аймактарда жок, Бишкекте гана ижарага берилип келет”,- деди Сариева. Өзгөртүүгө депутат Роза Акназарова каршы чыкты. Анын пикири боюнча, мурдагы тартипте калтыруу керек. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: