super.kg logo

Борбордогу букмекердик клубдан 30 миң сом уурдоого шектелген адам кармалды

 

"Борбор калаадагы Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан букмекердик клубдун бирин тоногон" деген шек менен Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы А.С. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адам аталган букмекердик клубдун кароолчусун сабап, кардарлардан түшкөн 30 миң сом өлчөмүндөгү каражатты уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 29 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: