super.kg logo

Бишкекте сапатсыз уюлдук телефон сатканы билинип, сатуучу кардарга 16 500 сомун кайтарып берди

 
Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине Бишкек мэриясынын Кардарлардын укугун коргоо бөлүмүнөн кайрылуу түшүп, анда бишкектик Б.У.О. аттуу жарандын арызы тууралуу сөз болот. Кайрылууда аталган жарандын 2014-жылдын күзүндө Бишкектеги соода борборлорунун биринен 16 500 сомго сатып алган SonyXperia Z6603 үлгүсүндөгү телефону тууралуу айтылат. Мекеменин маалыматына таянсак, окуя төмөнкүдөй:
Кардар сатып алган телефон дароо бузулган, мындан кийин кепилдик талону аркылуу уюлдук телефон оңдоочу жайга берилет. Бирок бир айдан ашык убакыт өтсө да, телефон оңдолгон эмес. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кардар жана сатуучунун катышуусу менен окуяны териштирген. Жыйынтыгында сатуучу күнөөсүн моюнга алган жана сапатсыз телефон сатканы үчүн кардардын 16 500 сомун кайрып бергени айтылды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: