super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Эл аралык айдоочулук күбөлүгүмдө жарактуу мөөнөтү коюлбагандыктан, Москвада айып пул төлөп жатам, аны кантип алмаштырсам болот?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Мен ноябрь айында Кыргызстандан эл аралык айдоочулук күбөлүк алып, Москва шаарына иштегенге кеткем. Азыркы тапта айдоочулук күбөлүктүн ичинде жарактуу мөөнөтү коюлбагандыктан, бул жактан айып пул төлөөгө аргасыз болуп жатам. Эл аралык күбөлүктү Кыргызстанга келип алмаштырып кетүү бир катар кыйынчылыктарды жаратууда, аны кантип алмаштырсам болот? Суроо калтырган stal.ks. 

Жооп: Эгерде сиз Орусиянын жараны болсоңуз, эл аралык айдоочулук күбөлүктү Кыргызстанга келбей эле, ошол жактан алмаштырып алсаңыз болот. Эл аралык айдоочулук күбөлүк Орусиянын нормативине жараша алмаштырылат. Ал эми Кыргызстандын жараны болсоңуз, анда сиз сөзсүз түрдө бул жакка келип алмаштырышыңыз керек. Аны алмаштыруу үчүн КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулар курамы департаментине кайрылышыңыз керек. Эгер тиешелүү документтериңиздин баары жайында болсо, жаңы эл аралык айдоочулук күбөлүктү бир күндө эле алмаштырып ала аласыз. Айта кетчү нерсе, мындай эл аралык айдоочулук күбөлүктөр дүйнөлүк конвенцияда каралгандай, 10 жыл убакытка берилет.    

Суроого ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов жооп берди.  

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
13.01.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
праваны жонот Кыргызстанга 15 минге 20 минутада алмаштырып берет
13.01.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу жок болсо алмаштырып бербейт. сага окшоп канчалаган балдар 15000-50000 чейин акча толоп жатышат неге праваны берип атканда эле жарактуу кунун кошо жазып койуу кыйынбы мен да азыр ошол проблема менен журом.
13.01.2015. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Праваны жасаган фирманы чогулуп туруп сотко бериш керек ошондо өзүнө келет өкмөт дагын оозун тендерди уюштуруп уткан фирмага берип коюп түшкөн акчаны жеп коюп отура бербей текшергиле жалаң громатейлер отурат
13.01.2015. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен алмаштырдым мооноту менен праваны берип жибергенден сон,бир жуманын ичинде бутуруп кайра салып жиберишти..
13.01.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай штраф толойсун?мен деле журом эч теке дебейтко эч ким.озун жол эрежесин бузуп штраф толоп алып еле айдоочу куболукко шылтоолоп атат окшойсун.ошон учун окуп алыш керек сатып албай.
13.01.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyr1977, кором канча журот экенсин, мен жол эреже бузбай эле правада моноту жоктугунан штраф толодум, копчулугу ушундай жол менен.
13.01.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер сураныч,москвадан эле алмаштырса болбойт бекен????
13.01.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
стал.кс сен оруссиянын жериндесин москвада болсон бир жолу бар экен казаньскийде жасайт экен
13.01.2015. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекендештер мен Москва дамын правамды алмаштырыш учун кандай документтерди керек екен и озун барбай алмаштырсан болобу экен,билгендер болсо айтып койгулачы. Рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: