super.kg logo

Сокулуктагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реабилитациялык борборуна акчалай жардам көрсөтүлдү

 

Сокулуктагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реабилитациялык борборуна LDS кайрымдуулук компаниясы тарабынан 241,6 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу 13-январда Социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Бөлүнгөн каражатка алына турган эмеректерди Чүйдөгү Жаш майыптар кеңешинин устаканасы жасайт. Министрдин орун басары Жылдыз Полотова кайрымдуулук кылган компания социалдык колдоо жаатында жоопкерчиликти жана башкаларга үлгү болууну көрсөтүп жатканын белгиледи. Маалыматка караганда, аталган компания буга чейин майыптар арабасын алып берүүгө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн тиричилик техникасын алууга көмөктөшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: