Алыш күрөшү жабык имаратта өтүүчү Азия оюндарынын программасына кирди
Кабыл Бөрүбаев


Кабыл Бөрүбаев

Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун усулчусу Адылбек Караев

Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Доорбай Миңбаев

Алыш күрөшү боюнча федерациянын президенти Малик Осмонов

"Манас" эпосунан алынганы айтылып келген алыш күрөшү жабык имаратта өтүүчү Азия оюндарынын программасына кирди. Оюндар 2017-жылы Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабад шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда аталган спорт түрү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев билдирди.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Анын айтымында, жакында Эл аралык күрөш федерациясынан кат келген. "Учурда алыш жогорку ылдамдык менен өнүгүп жатат. Бул спорт түрү 80 мамлекетте бар. Жабык имараттарда ойнолуучу Азия оюндарына жолдомо алуу үчүн атайын жолдомо алышыбыз керек. Бир катар Азия жана Дүйнө чемпиондуктарына жолдомо ойнотулат",- деди машыктыруучу.
Кабыл Бөрүбаев кошумчалагандай, оюндардын программасына киргизилген алыш спортунда 6 салмак категориясы болот (60 кг, 70, 80, 80, 90, 100, 100 килограммдан жогорку салмак).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
tabyshmak

13.01.2015. 13:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кабар. Кубанычтабыз!
nurkasym-2014

13.01.2015. 21:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы.Кыргысзтан жок дегенде спорттун курош турунон жакшы жыйынтык берет деп ишенем.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.