super.kg logo

Борбордогу ишканалардын биринде бажылык төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартуу фактылары аныкталды

 

Борбордогу “IP NET” ишканасынын жабдууларды мыйзамсыз алып кирүү жана бажылык төлөмдөрдү төлөөдөн баш тарткан фактылары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул фактылар боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 1-бөлүгү (бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө: төлөмдөрдү эсептөө үчүн документтерди бербөө же аларды жок кылуу, ошондой эле төлөмдөрдү эсептөө үчүн документтерге бурмаланган маалыматтарды атайылап киргизүү, ошондой эле салык салуунун башка объектилерин жашыруу аркылуу ири өлчөмдөгү бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө) жана 350-беренесинин (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) 1-3-бөлүмдөрү менен кылмыш иштери козголгон.

Мамлекеттик салык кызматы “IP NET” ЖЧКсына 6 миллион 622 миң сом айып санкцияларын салган. Бирок аталган ишканага аны туура эмес деп Бишкек шаарынын райондук сотуна арыз менен кайрылган. Райондук сот салыктарды негиздүү деп таап жана “IP NET” ЖЧКсынын доо арызын канааттандырган жок” деп айтылат маалыматта. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: