super.kg logo
  Саясат  

Баңгизаттарды көзөмөлдөө органдарынын укуктары жогорулатылууда

 

Баңгизаттарды көзөмөлдөө органдарынын укуктарын жогорулатуу сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмышка каршы күрөшүү комитети 13-январда 2-окууда талкуулады. Депутаттардын суроолоруна Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин директору Алымбай Султанов жооп берди.

Султанов долбоор аркылуу "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча органы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө" аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Аскердик наамдарды, класстык чиндерди, атайын класстык чиндерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" мыйзамдарга түзөтүүлөр сунушталып жатканын айтты.

Жарандардын администрациялык укук бузгандыгы жана кылмыш жасагандыгына шектенүүгө жетиштүү далилдер болсо, жарандардын жеке өздөрүн кароону, алардын буюмдарын, кол жүктөрүн, автоунаасын кароону, протоколдорду түзүүнү, буюм заттарын, каражаттарын жана документтерин алууну жүзөгө ашырууга баңгизаттарды көзөмөлдөө органынын кызматкерлерине мүмкүндүк берүү каралган.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: