Ош. Ош облусуна 2012-жылы 89762 турист келген
2012-жылы Ош облусундагы туристтик эс алуу жайларына 89 762 эс алуучу келип, бюджетке 1 миллион 796 300
сом акча түшкөн. Бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 5448 турист көп келип, бюджетке түшкөн акча 747 600 сомго көп экенин билдирет. Бул маалыматты өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү
Сооронбай Жээнбеков айтты. Мындан сырткары өткөн жылы Ош - Исфана жолу 1,3 чакырым узундукта оңдолуп,
Ноокат - Папан, Ноокат - Араван - Төбө-Коргон, Ош - Аэропорт, Ош - Кашкар-Кыштак, Ош - Совхоз - Кара-Суу жолдоруна асфальт төшөлгөнүн кошумчалады облус жетекчиси.
Автор: Уулбү Каныбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















