Чүй облусунун тургуну баңгизат менен кармалды
Чүй облусунун тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-январда билдирди.
12-январь күнү милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Сокулук айылынын жашоочусу баңгизат алып жүргөнү айтылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 50 жаштагы жаран кармалган. Аны текшерүүдө баңгизат алынган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.