Улуттук банктын төрагасы доллардын курсунун өсүп жатышынын негизги себептерин айтты
Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон доллардын курсунун өсүп жатышы тууралуу маалымат берүүнү талап кылды. Абдыгулов жыйынды жабык өткөрүүнү суранып, бирок депутаттар макул болушкан жок. "Эмнеден чочулап жатасыз? Негизги себептерин айтыңыз, эл валюталык кырдаалдын абалын уксун",- дешти депутаттар.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Абдыгулов АКШ валютасынын курсунун өсүп жатышын тышкы саясатка байланыштырды. "Негизинен мезгилдик факторлор жана Орусия, Украинадагы экономикалык абал жана батыштын Орусияга киргизген санкциялары себеп",- деди Абдыгулов.
Андан сырткары банк төрагасы сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн Улуттук банк аракет жасап жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

