super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев Эмгек мигранттарынын аймактар аралык коомдук бирикмесинин төрагасы менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы эмгек мигранттарынын аймактар аралык коомдук бирикмесинин төрагасы Алишер Маданбеков менен жолугушту.

Жолугушууда КР Жер кодексине, КР Турак жай кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу тууралуу», «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү чараларын көздөгөн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору талкууланды.

Эмгек мигранттарынын аймактар аралык коомдук бирикмесинин төрагасы А.Маданбеков Орусияда миграциялык көзөмөл күчөтүлгөндүктөн, эмгек мигранттары көптөгөн тоскоолдуктарга кабылып, көпчүлүк учурда алардын укуктары корголбой калып жатканын билдирди. Анын айтымында, азыр Орусияда башка өлкөнүн жарандыгын албаган 450 миңден ашуун кыргыз эмгек мигранты бар.

А.Маданбековдун пикиринде, эгер бул мыйзам долбоору көңүл сыртында калса, анда өз өлкөсүнө кайтып келген эмгек мигранттары мамлекеттик кызматта иштей алышпайт. «Эмгек мигранттары да биздин жаран экенин унутпашыбыз керек. Алардын көйгөйүн биргелешип чечүү зарыл. Тилекке каршы, айрым саясатчылар өз жарандарына жакындан жардам берүүнү каалашпайт»,- дейт ал.

Депутат Ө.Текебаев бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, өлкөгө кайтып келген эмгек мигранттарынын укуктарынын корголушуна шарт түзүлө турганын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: