super.kg logo

Ымыркай алмаштыруу боюнча №4-төрөт үйүнүн жетекчилиги экспертиза жасатууга даяр экенин айтты

 

Бишкек шаарындагы №4-төрөт үйүнүн жетекчилиги ымыркай алмаштырылбагандыгын далилдөө максатында баланын туугандыгын тактоо үчүн тиешелүү экспертиза жүргүзүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, төрөт үйүндө бала алмашылганы тууралуу маалымат боюнча кызматтык иликтөө жүргүзө турган комиссия түзүлгөн. Комиссия тарабынан бул төрөткө катышкан бардык кызматкерлер суракка алынышты. Анын толук жыйынтыгы эртең маалымат жыйынында айтыларын аталган департаменттен билдиришти.  

"Алдын ала маалыматтар боюнча, Арча-Бешик конушунун 22 жаштагы А.Имамназарова аттуу тургуну №12-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кош бойлуу учурунун 5-жумасында каттоого турган. Төрөткө чейин ультрадобуштуу изилдөө аппаратына түшүп келген. Ультрадобуштуу иликтөөлөрдүн маалыматында, патология болгон эмес. 2015-жылдын 9-январында саат 21:30 чамасында "биринчи даражадагы аз кандуулук" диагнозу менен 40-жума, төрөттүн биринчи мезгили деп Шаардык перинаталдык борборго түшкөн. Көз жарган аялдын күйөөсү төрөткө чейин 1,5 саат мурун келип, төрөткө катышкан" деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, көз жарган А.Имамназарова айына жеткен, 3 килограмм 160 грамм салмактагы кыздуу болгон. Ымыркай патология менен төрөлгөн. Төрөттү кабыл алган акушер-гинеколог төрөгөн аялга баланын оорусу тууралуу айткан. Наристе неанотолог тарабынан баланын атасынын катышуусунда каралып, жандандыруу бөлүмүнө которулган. Саат 11:40 чамасында бала тиешелүү дарылануудан өтүү үчүн Шаардык балдар клиникалык ооруканасына которулган. 

Эске салсак, "борбордогу №4-төрөт үйүнүндө жаңы төрөлгөн бала алмаштырылды" деп ымыркайдын ата-энеси тиешелүү мекемелерге кайрылган. Наристенин атасынын айтымында, дарыгерлер анын дени сак уулун патология менен төрөлгөн кызга алмаштырып коюшкан.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.01.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
баланы торолгондо эле эне сезетда озунун баласы же алмашканын ошол билген учун арыз жазды болуш керек алмашылды деп
14.01.2015. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ДНК тест кылсын анык болот сразу. Бирок ошону да биздикилер сатып алып коюшпаса.
14.01.2015. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boldukan86,
Казакстанда жасайт эн жакын. Бирок ал жасаган жерге репутация маанилуу !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: