Орусияда мыйзамсыз курал көтөрүп жүргөн 17 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды
Москвада мыйзамсыз түрдө курал алып жүргөн 17 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан өздүк документтерин текшерүү үчүн токтотулган. Текшерүү иштеринин натыйжасында анын жанынан CZ Scorpion Vz61 үлгүсүндөгү тапанча-пулемёт жана анын октору табылган.
Бул боюнча кыргызстандык жаранга карата "мыйзамсыз курал алып жүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, баллистикалык экспертиза дайындалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

оозуна май !!!
чын болсо, андан ары камап жок кылсын.
Улуттар арасында талаш-тартышты, провокация жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат.
Дагы кайталанса жаза колдонууга мажбур болобуз.