super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

 

2015-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 4-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам балдардын жана өспүрүмдөрдүн алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини пайдалануусун алдын алууга багытталган, “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизет.

Мыйзамда сатуучуларга сатып алуучунун жашын аныктоо максатында инсандыгын ырастоочу документтерди талап кылуу милдети жүктөлгөн. Алкоголдук продукциянын сатуучулары ошону менен бирге алкоголдук продукцияларды саткан жерлерге 18 жашка толбогон адамдарга, инсандыгын ырастоочу документтери жок адамдарга алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу, алкоголдук продукцияларды пайдалануунун зыяндуулугу жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга милдеттүү.

Мыйзамда алкоголдук ичимдиктерди, тамекини жана тамеки буюмдарын жарнамалоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик күчөтүлгөн.

Андан тышкары мыйзамда радиодо жана телекөрсөтүүдө алкоголдук ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салынган убакыт узартылган (1998-жылдын 24-дакабрындагы “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 16-беренесине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мындай жарнамага саат 7:00дөн 00:00гө чейин тыюу салынат).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: