super.kg logo

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт

 

Көмөк чордондогу жана аба чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 14-январда Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 09:30дан 15:30га чейин Бишкек шаарындагы Бакай-Ата конушундагы Чубак, Норус, Кыз-Сайкал, Талаа көчөлөрүндө конушунда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. 

Саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Васильевка, Полевое, Виноградное, Привойное айылдарында, Сокулук районуна караштуу Манас, Верхнее Восточное айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Ошондой эле саат 09:00дөн 11:00гө чейин Чүй районуна караштуу Алчалуу, Талды-Булак, Султан айылдарында “Ленинская”, “Жаңы-Жер”, “Кара-Ой” көмөк чордондорунан тараган аба электр чубалгылары оңдолуп, ага байланыштуу электр жарыгы өчүрүлмөкчү. Жумуш учурундагы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн “Түндүк электр” ишканасы кечирим сурайт.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: