"Кыргыз почтасы" мекемесин "Кыргыз эл почтасы-банк" деп өзгөртүү сунушталууда
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасын реформалоо сунушталууда. Өкмөттө 13-январда бул боюнча атайын жыйын өтүп, вице-премьер-министр Валерий Диль мамлекеттик банктардын биринин базасында "Кыргыз эл почтасы-банк" мекемесин түзүүнү сунуштады. Жыйында түрдүү сын-пикирлер айтылып, жыйынтыгында аталган институтту түзүү демилгеси колдоо тапты. Мындай мекеме айрыкча айыл жергесинде почта кызматын кеңейтүүгө мүмкүндүк бере турганы айтылды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, "Кыргыз эл почтасы-банк" мекемесин түзүү варианттарын карап чыга турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

