super.kg logo
  Саясат  

Жыл жыйынтыгы: “Супер-Инфо” кайрадан биринчи!

 

“Супер-Инфо” Кыргызстан боюнча койгон рекорддорун өзү жаңылап келе жатат. Жакшы салтка айланган мындай рекорд быйыл да жаңыланды. 2013-жылды гезит 120 миң нуска менен жыйынтыктаган болсо, 2014-жылдан 2015-жылга 122 миң нуска менен өттү!

2008-жылы Кыргызстанда "Улуттук гезит" сыйлыгы уюштурулуп, өлкөдөгү басылмалар арасында жылдын жыйынтыгын чыгарган. Биринчи "Улуттук гезит" сыйлыгы “Супер-Инфону” “Республикадагы эң көп нускалуу гезит” деп тапкан. "Супер-Инфо" Кыргызстандагы гезиттердин арасындагы биринчиликти бүгүн да сактап келе жатат. "Албетте, бийиктикти багындыруу оңой иш эмес, бирок ал бийиктикте кармалып туруу андан да оор. 2002-жылы 5000 нуска менен жарык көргөн гезиттин нускасы бүгүнкү күнгө чейин 2340 пайызга, башкача айтканда, 25 эсеге өстү”,- деп билдиришет гезиттин жамааты.

Бүгүнкү күндө “Супер-Инфо” - эмгектеген жаш баладан тартып эңкейген карыга чейин, жүз миңдеген окурмандын ишенимдүү жана сүймөнчүктүү гезити. Ар бир окурман, мейли наристе болсун, окуучу же студент, кесип ээси, балким, бийлик адамы болсун, өзүнө кызыктуу, пайдалуу, ылайыктуу маалыматты таба алат.

“Калктын күрөө тамырын кармай билип, эгемендүү Кыргызстандын тагдырына активдүү аралашкан, элдин үнүн тиешелүү дарекке жеткизген басылма катары тынымсыз эмгектенүүгө даярбыз, дайыма изденүүнүн үстүндөбүз. Биздин гезит өлкөбүздүн жети дубанына бирдей таркатылып, алыскы өрөөндөрдү маалымат менен камсыз кылуу менен бирге Кыргызстандын ар бир жашоочусунун, ар бир айылынын, ар бир районунун көйгөйлөрүн, кубанычтарын, жетишкендиктерин такталган, жалганы жок маалыматтар аркылуу чагылдырып турууга даяр. 122 000 деген биз үчүн жөн гана сан эмес. Ал жүз миңдеген окурмандарыбыздын, мекендештерибиздин ишеними, ал калың калктын ишеними, баасы!”- деп билдиришет редакциядан.

Кесиптештерибиздин кубанычына биз да ортоктошпуз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: