super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте сабалып, комада жаткан 2 жашар бала боюнча окуяны спикер көзөмөлүнө алды

 
Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында депутат Данияр Тербишалиев 13-январь күнү Бишкектеги балдар ооруканасына оор абалда түшкөн 2 жашар бала боюнча маселени көтөрүп чыкты. Депутат спикер Асылбек Жээнбековго кайрылып, тиешелүү министрликтерге тапшырма берүүнү өтүндү. "Баланын абалы оор экендиги маалымат булактарында айтылып жатат. Сиз ушул маселени жеке көзөмөлүңүзгө алып, ички иштер министрине жана саламаттыкты сактоо министрине тапшырма бериңиз, алар жеке көзөмөлүнө алышсын. Мындай окуялар күн сайын өсүүдө, бул боюнча парламенттик угуу өткөрүү керек",- деди Тербишалиев. 
Спикер бул ишти прокуратура жеке көзөмөлүнө ала турганын билдирип, "бул окуя менин да жеке көзөмөлүмдө болот" деди.  
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалганын айтышкан. Ал эми баланын туугандары бул маалыматты четке кагышууда. Алардын айтымында, бала тепкичтен кулап кеткен. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: