super.kg logo
  Саясат  

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу март айынын аягында башталат

 
Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендердин акыркы этабы январь айынын аягында өтөт. Муну парламенттин 14-январдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. "Тендердин акыркы этабы өткөндөн кийин 60 күндүн ичинде тендердик комиссия жеңүүчү компанияны аныктайт. Андан кийин жеңүүчү компания Ички иштер министрлиги менен келишим түзөт. Мамлекет тарабынан кепилдик берилбейт, келишим түзүү жетиштүү. Долбоорду ишке ашыруу жылдын биринчи кварталынын аягында башталат",- деди Асанов. 
Долбоорду ишке ашыруу укугун утуп алууга катышып жаткан компаниялар төмөнкүлөр: 
"Dessa International S.R.L." (Молдова); 
"Shenzhen Topform Computer Tehnology Co. Ltd." (Кытай); 
"Ozone Iletişim Teknolojileri" (Түркия); 
"Стилсофт Бишкек" (Кыргызстан); 
"Anteo Worldwide" (Швейцария).
Айта кетсек, аталган долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Ошондой эле каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү жагы каралган. 

Бул жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын ишинин натыйжалуу болушуна шарт түзмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: