super.kg logo

Соттун чечимине ылайык, "Кудайберген" базарынын жетекчилигинен пара алгандыгы үчүн кармалган Нургалы Кудаяров 30 миң сом айып пул төлөйт

 
Бишкек шаардык соту "Кудайберген" базарынын жетекчилигинен пара алгандыгы үчүн кармалган Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин кызматкери Нургалы Кудаяровдун иши боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, ал мамлекетке 30 миң сом айып пул төлөйт. Бул тууралуу "Кудайберген" базарынын ээси Эльвира Сурабалдиева интернеттеги баракчасына жазды.

Анда “Шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун 2 жылга шарттуу кесүү чечимин 30 миң сом айып пул төлөө чечимине алмаштырды. Күлөрүмдү же ыйлаарымды билбей турам” деп жазылат.

Айта кетсек, өткөн жылдын май айында "Кудайберген" базарынан чыгып келе жаткан Монополияга каршы агенттиктин кызматкери Нургалы Кудаяровдун башкаруусундагы мамлекеттик номери жок Мерседес унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анда аталган агенттиктин кызматкеринин жанынан атайын белги коюлган 300 миң сом табылган. Белгилүү болгондой, Н.Кудаяров базардын жетекчилигинен пара талап кылып, аталган акчаны алып кетип жаткан. Кармоо учурунда ал качууга аракет кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: