"Коопсуз шаар" долбоору ишке кирсе, жол эрежесин бузгандардан түшчү айып пулдун көлөмү 1 миллиард сомго чейин жетиши мүмкүн
Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга багытталган мыйзамдын долбоору 3-окууда каралып жатат. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 2014-жылы 11 айдын жыйынтыгында жол эрежесин бузгандардан бюджетке 170 миллион сом түшкөнүн айтты. “Долбоор ишке кирсе, жол эрежесин бузгандардан түшчү айып пулдун көлөмү 3төн 5 эсеге чейин өсүшү же 1 миллиард сомго чейин жетиши мүмкүн”,- деди Асанов.
Долбоор мамлекеттик бюджеттен каражат талап кылбай турганы айтылды. Долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Мыйзамдын долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

