super.kg logo
  Саясат  

Түркиядагы кыргызстандыктардын жанында жалпы жарандык паспорту болушу керек

 
Түркияга барууну каалаган кыргызстандык жарандардын жанында 2015-жылдын 1-январынан баштап жалпы жарандык паспорту (заграничный паспорт) болушу керек. Маалыматты бүгүн, 14-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Тактап айтканда, Түркияда 2014-жылдын 11-апрелинде кабыл алган "Чет элдик жана эл аралык коргоо жөнүндө" жаңы мыйзамга ылайык, Түркияда 60 күн бою визасыз жүрүүгө укук берген жалпы жарандык паспорттордун жарактуу мөөнөтү Түркияга келгенден тарта 120 күндөн эрте бүтпөшү керек. 
Министрлик Кыргызстандын дипломатиялык жана кызматтык паспорттору расмий паспорттор классына кирерин жана мындай паспорттун ээлери жогорудагы талаптан бошотуларын кошумчалады. 
Айта кетсек, Түркия мындай талапты бардык өлкөлөрдүн жарандарына коюуда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: