super.kg logo

Бишкекте Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлөт

 

Бишкекте 2015-жылы күзүндө, 17-20-сентябрь күндөрү Карахандар доорунун залкар ойчулу, акыны жана мамлекеттик ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган “Кыргыз жана Карахандар каганаттары: "Куттуу билим" жана мамлекет” аттуу 4-эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, илимий-тажрыйбалык жыйынга катышуу үчүн төмөнкү багыттарда баяндамалар кабыл алынат:

1. Жусуп Баласагындын көөнөрбөс мурасы, доору жана замандаштары;

2. Кыргыз, Карахандар жана башка түрк мамлекеттери: Башкаруу салттары;

3. Кыргыз таануу жана түркология: заманбап көйгөйлөр жана жаңы ыкмалар;

4. Археология жана антропология: Жаңы табылгалар.

Иш-чара КРнын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, “Кыргыз тарых коому” эл аралык коомдук бирикмеси, “Диалог-Евразия” платформасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Конрад Аденауэр атындагы фонд, Эл аралык Түрк академиясы тарабынан уюштурулууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.01.2015. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекте 17-20-сентябрь күндөрү дегенди алмаштырып койсонор рахмат!!!2015 жылдын 14 январыго азыр((
14.01.2015. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zoro21, саламатсызбы!
Жыйын ушул жылы сентябрь айында өткөрүлөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: