super.kg logo

Медициналык кесипке бюджеттин каражатына окуп, мамлекетке иштөөдөн баш тарткан бүтүрүүчүлөргө чара көрүлүшү мүмкүн

 

Медициналык, фармацевтикалык жана педагогикалык кесиптерге бюджеттин каражатына окуп, мамлекетке иштөөдөн баш тарткан бүтүрүүчүлөр аларга бөлүнгөн акча каражатты толугу менен кайтарышы керек. Мындай сунуш менен Билим берүү жана илим министрлиги өкмөткө кайрылды.

Министрлик түшүндүргөндөй, бүгүнкү күнү саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарында айрым бүтүрүүчүлөр бюджеттик негизде окууну бүткөндө өздөрү каалаган жерде иштесе, башкалар Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттерге кетишкендиги байкалууда. "Мындай көрүнүш республиканын алыскы аймактарында медицина, фармацевтика жана педагогика боюнча адистердин жетишсиздигине алып келип, медициналык жана билим берүү тейлөөлөрдүн сапатына терс таасирин тийгизүүдө",- деп билдирет мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.01.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн биринчи кезекте жаш мугалим, жаш кесиптин ээлерине шарт тузуп берип, жок дегенде бир айлык тапкан акчасы бир айлык жашоосуна жеткидей кылып беришип анан бир нерсени ойлонушса болмок окумат. Жазда бир айылдаш иним башталгыч класстын мугалими кесибине ээ болуп, айылдагы мектепке барган экен, айлык алты мин сом экенин угуп иштегизи келбей Ресейге кетип калды. Бир айга он беш мин чыгым кылып жашаса, алган айлыгы 6-7-8 болсо анан ким иштемек эле иа? Элди да зордуктай берген болбойт го?!
14.01.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6 000 мин болсо жакшы экен, бизде жаш мугалимдер 1 ставка иштеп 3800-4200 айлык алышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: