super.kg logo
  Саясат  

Бир катар мыйзамдарды күчүн жоготту деп табуу боюнча мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин жыйынында юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов баяндама жасаган “КРнын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. Шыкмаматовдун айтымында, министрликтин алдында мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен 11 мыйзамды күчүн жоготту деп эсептөө боюнча чечим кабыл алынган. Бул мыйзамдар колдонуудан чыккан, актуалдуулугун жоготкон мыйзамдар болгондуктан, жаңы кабыл алынып жаткан мыйзам актыларына карама-каршылыктарды, коллизияларды жаратпашы үчүн күчүн жоготту деп табуу сунушталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: