Укук коргоочу: "Абакта жаткан маалында уул төрөгөн айымдын дагы 2 баласы бар"



"Тиешелүү документтерге ылайык, абакта жаткан маалында уул төрөгөн айым Айжан Өмүралиеванын дагы 2 баласы бар",- деди бүгүн, 14-январда маалымат жыйынында “Кылым шаамы”
укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза
Абдрасулова.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын айтымында, айым 2009-жылдын 12-декабрында күйөөгө чыккан. "Анын бойго жете элек 2 баласы учурда ким менен жашагандыгы бизге азырынча белгисиз болууда",- деди укук коргоочу.
“Балдардын укуктарын коргоо лигасынын” өкүлү Наргиза Конушалиеванын билдиришинче, СИЗОдо энеси менен жаткан баланын абалы жакшы. "Укук коргоочулар бул маселени көтөргөнгө чейин ымыркай кылмышкерлер жаткан шарттарда болгон. Мамлекет ар бир баланын саламаттыгына жооптуу",- деди ал.
Эскерте кетсек, кечээ, 13-январда Бишкектеги №1-СИЗОго 2014-жылдын 11-августунда камакка алынган Айжан Өмүралиева декабрь айында төрөгөндүгү тууралуу маалымат чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
NooKeN_KG

14.01.2015. 13:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыксын эркиндике! Балдарын "Энелик" мээримге зар кылбасын!
tynara1983

14.01.2015. 17:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
NooKeN_KG, 100% кошулам ! ! !
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.