super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш мыйзамга “автобейбаштык” деген түшүнүк киргизүү демилгесин добуш берүүгө жиберди

 

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын макулдашылган варианты Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Демилге жолдо жүрүү эрежелерин ыраатташтырууга жана жол эрежесин бузгандарга жаза чараларын катуулатууга багытталган. Бул мыйзам долбоору мурда Жогорку Кеӊеш тарабынан кабыл алынып, бирок президент Алмазбек Атамбаев мыйзамдын концепциясын колдоо менен бирге, айрым жоболорго карата өзүнүн каршы пикирин билдиргендиктен, аны кайрадан иштеп чыгуу максатында макулдашуу тобу түзүлгөн.

Баяндама жасаган юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов макулдашуу тобу жолдо жүрүү эрежелерине тиешелүү түзөтүүлөр өкмөт тарабынан киргизилгенден кийин күчүнө киргизүү зарыл деген чечимге келгенин билдирди. Анткени алардын ортосунда айрым карама-каршылыктар бар экени белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Административдик кодекске “автобейбаштык” деген түшүнүк киргизилип жатат. Ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүндөгү кортеж 5 автоунаадан ашпоого тийиш. Мыйзам талаптарына ылайык, мындай коомдук тартипти жана жолдо жүрүү эрежелерин атайлап бузган жактарга карата 30-50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айыптар салынмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: