super.kg logo

Адвокат: "Сот СИЗОдо ымыркай менен отурган Айжан Өмүралиеванын ишин токтотуп салган"

 
Чүй облустук соту СИЗОдо ымыркайы менен отурган айым Айжан Өмүралиеванын ишин токтотуп салган. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда маалымат жыйынында адвокат Күмүшбек Ыбыкеев билдирди.
Анын айтымында, бойго жете элек балдары бар соттолгондорго карата сот тыюу салуучу чараны өзгөртүү боюнча чечимин чыгарганы туура. "Мен бул боюнча даттануу менен сотко кайрылам",- деди жактоочу.
Укук коргоочу Азиза Абдрасулова ал айымдын иши боюнча бир топ мыйзам бузуулар орун алганын айтты. "Биринчиден, А.Өмүралиева тергөөнүн жана соттук процесстин жүрүшүндө адвокаттын коргоосу менен камсыздалган эмес. Экинчиден, кылмыш ишинде ар кандай даталар менен эки өкүм турат: 2006-жылдын 14-июлу жана 2014-жылдын 26-сентябры. Эки өкүмдү тең судья Т.Бекешов караган. Мындан тышкары тергөөнүн жүрүшүндө жана соттук кароодо Өмүралиеванын бойго жете элек балдары бар экени эске алынган эмес",- деп түшүндүрдү укук коргоочу.
Эскерте кетсек, кечээ, 13-январда Бишкектеги №1-СИЗОго 2014-жылдын 11-августунда камакка алынган Айжан Өмүралиева декабрь айында төрөгөндүгү тууралуу маалымат чыккан. Анын бойго жете элек дагы 2 баласы бар экени да маалым болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.01.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне болуп соттолгон экен бул аял?
14.01.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elnuram090, саламатсызбы!
Бул тууралуу төмөнкү кабардан биле аласыз:
http://www.super.kg/kabar/news/96063/
14.01.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчалуулардын заманы
14.01.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба кылдым баласы болсо бул келинди турмодон чыгарып салгыла да,эми бул келинди камап эмне кылышат тем более баласы менен.
14.01.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурулук менен тушкон экен, оор кылмыш эмес, чыгарып койсонор жакшы болот. "Мыйзамдагы уурулар",миллиондорду жок кылган чиновниктерди деле чыгарып, чет олкого узаттынар го.
14.01.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча уурдаган экен ким билет,миллион уурдабагандыр,баласына боорум ооруп жатат туберкулез жугуп калбаса экен деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: