super.kg logo
  Саясат  

Түркиядан келген делегация Ош облусуна иш сапары менен барды

 

Бүгүн, 6-февралда Түркия мамлекетинин Эскишехир облусунун губернатору Кадир Кочдемир баштаган түркиялык делегация Ош облусуна атайын иш сапары менен барды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков бул делегацияны кабыл алып, келечектеги эки облустун социалдык, экономикалык, достук мамилелерин жогорку деңгээлге чыгаруу тууралуу пикир алышуу болду. Жолугушуу учурунда облус жетекчилери Ош облусу менен Түркия мамлекетинин Эскишехир облусунун достугун белгилеген меморандумга кол коюшту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: