Бир катар мыйзамдарды күчүн жоготту деп табуу боюнча мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды
"КРнын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө” мыйзам долбоорун парламент 14-январдагы жыйынында 1-окууда кабыл алды. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдиргендей, министрликтин алдында мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен 11 мыйзамды күчүн жоготту деп эсептөө боюнча чечим кабыл алынган. Бул мыйзамдар колдонуудан чыккан, актуалдуулугун жоготкон мыйзамдар болгондуктан, жаңы кабыл алынып жаткан мыйзам актыларына карама-каршылыктарды, коллизияларды жаратпашы үчүн күчүн жоготту деп табуу сунушталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

