super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар үйлөнүү тойлоруна чыккан автоунаалардын санын 5тен ашырбоо жөнүндө демилгени кабыл алышты

 

Парламент "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын макулдашылган вариантын 14-январда кабыл алды. Демилге жолдо жүрүү эрежелерин ыраатташтырууга жана жол эрежесин бузгандарга жаза чараларын күчөтүүгө багытталган. Бул мыйзам долбоору мурда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, бирок президент Алмазбек Атамбаев мыйзамдын концепциясын колдоо менен бирге айрым жоболорго карата өзүнүн каршы пикирин билдиргендиктен, аны кайрадан иштеп чыгуу максатында макулдашуу тобу түзүлгөн болчу.

Белгилей кетсек, Административдик кодекске “автобейбаштык” деген түшүнүк киргизилип жатат. Ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүндөгү кортеж 5 автоунаадан ашпоого тийиш. Мыйзам талаптарына ылайык, мындай коомдук тартипти жана жолдо жүрүү эрежелерин атайлап бузган жактарга карата 30-50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айыптар салынмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: