Айыл чарба жерлерин ирилештирүү боюнча Текебаевдин демилгесин депутаттар алгачкы окууда жактырышты
Айыл чарба жерлерин 5 гектардан аз өлчөмдө бөлүп пайдаланууга тыюу салчу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 14-январда 1-окууда кабыл алды. Мындай түзөтүүлөрдү киргизүү айыл чарба багытындагы жерлерди максатсыз пайдаланууну токтотууга мүмкүндүк берери жана жерлерди бир категориядан экинчи категорияга негизсиз которууну токтотору айтылды.
Автор: Автандил Добулбеков
Мыйзам долбооруна ылайык, менчигинде 5 гектар жери болгон жаран аны майдалап сата албайт. Мисалы, 4 сотых жери бар адам ошол 4 сотыхын кадимкидей сата берет, бирок аны 2 сотыхтан бөлүп сата албайт. Жерди коңшусу сатып алса, анын жери 8 сотых болот, ал 8 сотыхты гана сатат, 4 сотыхтан бөлүп сата албайт. 10 гектар жери бар жаран аны экиге гана бөлүп сата алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

