Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдын 14-январына салыштырмалуу 3 миллиард 979 миллион метр кубга аз

14-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 790 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард 979 миллион метр кубга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 181 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 152 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 505 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 743 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 14-январда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 769 миллион метр кубду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
suiuktuujar

14.01.2015. 19:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатаберишсе ошондой болотда
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.