Чүй районунда Архитектура башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Чүй районунда Архитектура башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-январда билдирди.
Маалыматка караганда, 13-январь күнү милиция кызматкерлерине 28 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал Чүй райондук архитектура башкармалыгынын кызматкери 26 жаштагы Т.А. жер тилкесине долбоор берүү үчүн акча талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда “пара талап кылуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.