"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" мыйзамга толуктоолор киргизилди
КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү жөнүндө документке кол койду. Бул тууралуу 14-январда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын эл аралык келишим боюнча моюнуна алган улуттук милдеттенмелерин аткаруунун алкагында атмосфералык абаны коргоо боюнча чараларды күчөтүү болуп саналат.
Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып иштей баштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

