“Кыргызтелеком” ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Кечээ, 13-январь күнү “Кыргызтелеком” ишканасынын мурдагы жетекчиси М.М., “Кыргызтелеком” ишканасынын Ош облусундагы бөлүмүнүн мурдагы директору О.М. жана “Аламүдүнэнерго” ишканасынын башкы директору П.О. “2009-2010-жылдары Ош-Эркеч-Там булалуу оптикалык байланыш кабелин курууда чоң суммадагы акча каражатын мыйзамсыз чыгарып кетишкен” деп шектелип кармалышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 14-январда билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Айта кетсек, “Кыргызтелеком” ишканасынын 90 пайыз акциясы мамлекетке караштуу. Мындан улам мамлекетке 50 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.