super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы жол-кайгуул кызматкерлеринин ишин жакшыртуу үчүн журналисттерди жардамга чакырды

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жол-кайгуул кызматкерлеринин ишинин сапаты оңолбой жатканына нааразы. Муну өкмөт жетекчиси 14-январда Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууда билдирип, тармактагы ишти мындай темпте улантууну токтотуу керектигин айтты.

"Жол-кайгуул кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгына байланыштуу коомчулукта чыңалуу бар. Врачтар, милиция кызматкерлери жана мугалимдер - булар мамлекеттик бийлик жөнүндө пикир түзүүчүлөр. Жол-кайгуул кызматы системин тартипке келтирүү зарыл. Коомдук көзөмөлдү күчөтүү максатында жарандарга жана журналисттерге кайрылам, жол-кайгуул кызматкерлеринин ишин видеого жана сүрөткө тартып, аларды эфирге чыгаруу керек",- дейт Оторбаев. 

Премьер-министр жол эрежесин бузган айдоочулардын айып пулун накталай колго албай турган системге толук өтүү үчүн ИИМ жетекчилигине бир ай мөөнөт берди.

"Айып пулду колго накталай алууну токтотуу шарт, эреже бузгандар акчасын банкомат жана терминалдардан төлөшү кажет. Жол-кайгуул кызматынын бардык кызматкерлери ПОС-терминалдарды туура пайдаланууну билиши зарыл. Жакында банкоматтар менен ПОС-терминалдарды өлкөгө алып кирүүдөгү кошумча нарк салыгы жоюлат. Мындан кийин аларды өлкөгө алып кирүү 5 эсеге өсөт",- деди премьер.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: