Кыргызстан жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыкканын өкмөт билдирди
Кыргызстан каржылык рынокту өнүктүрүү көрсөткүчү боюнча 2014-жылы дүйнөдө 112-орундан 95-орунга көтөрүлдү. Өкмөттүн билдиришинче, былтыр олуттуу прогресс рыноктук систем тармагында болгон. Мисалы, рыноктук реформалардын эффективдүүлүгү боюнча Кыргызстан өткөн жылы 116-орундан 77-орунга жылды.
Бизнес ачуунун оңойлугу боюнча өлкө 12-орунда.
Насыя алуунун оңойлугу боюнча 13-орунда.
Инвестордун укугун коргоо боюнча 22-орунда.
Экспорт боюнча 44-орунда.
Салык төлөмдөрүнүн жеңилдиги боюнча 51-орунда.
Өкмөттүк саясаттын ачыктыгы боюнча 82-орунда.
"Кирешелердин деңгээли жаатында Дүйнөлүк банктын классификациясы боюнча Кыргызстан кирешеси төмөнкү деңгээлдеги өлкөлөрдүн катарынан чыгарылып, орто кирешелүү өлкөлөрдүн категориясына киргизилди",- деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.
Айта кетсек, Кыргызстан 2014-жылы жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыгарылганын мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев буга чейин бир нече жолу бирдирген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

