super.kg logo
  Саясат  

Түркиялык компания Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция салууга кызыкдар

 
Түркиялык "Систем Тып" компаниясы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция салууга кызыкдар. Маалыматты 14-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирип, мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында компаниянын көрсөткөн колдоосун атады. Долбоордун алкагында өлкөгө компьютердик томограф, маммограф, санариптик рентген жана УЗИ жабдуусу берилгени айтылды. Аталган уюмдун жетекчилигине шилтеме берүү менен министрлик буларды билдирди:
"Систем Тып" түзүлгөн күндөн тартып мамлекеттик ооруканаларды заманбап технологиялар менен камсыз кылуу жаатында Түркиядагы мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк структурасына активдүү катышып келет. Мындай шартта компания коомчулук муктаж болгон медициналык тейлөө чөйрөсүндө мамлекеттин жүгүн жеңилдетти. Буга байланыштуу жана жеке медициналык мекемелерди куруу менен саламаттыкты сактоодо Түркия секирик жасады. Көп жылдык тажрыйбабызды сиздердин өлкөдө (Кыргызстанда) колдонууну сунуштап жатабыз".  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: