super.kg logo

Франциянын элчиси Париждеги окуяларга байланыштуу кыргызстандыктардын колдоосуна рахмат айтты

 
Бүгүн, 15-январда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Стефан Катта 7-9-январда Париж шаарында болгон террордук актка байланыштуу кыргызстандыктардын колдоосуна рахмат айтты.
"Мен аталган окуяларга байланыштуу колдоо көрсөткөн Кыргызстандын жарандарына, алардын арасында журналисттерге ыраазычылыгымды билдиргим келет. Өткөн аптада республиканын жетекчилиги тарабынан көңүл айтуулар келген. Мен бардык каттарды Франциянын өкмөтүнө жөнөткөм. Кыргызстан көрсөткөн колдоо биздин элдерибиздин ортосундагы мамилелердин бекемдигин далилдейт",- деди элчи.
Эскерте кетсек, 7-январда саат 11:00 чамасында Франциянын борбору Париж шаарында террордук акт орун алган. Анда үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо") сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салышкан. Бул кылмышка шектүү ага-ини Шериф жана Саид Каушилерди кармоо боюнча атайын операция 3 күнгө созулуп, жыйынтыгында алардын өлтүрүлгөндүгү айтылган.
Террордук акттын эртеси президент Алмазбек Атамбаев Франциянын мамлекет башчысы Франсуа Олландга көңүл айткан. Ошондой эле кыргызстандык ММКлардын өкүлдөрү курман болгон француз журналисттерине көңүл айтуу максатында тынчтык митингин өткөрүшкөн





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.01.2015. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуяда мен Париж тараптамын! Ооба, Исламды мазактаганы туура эмес болду дейли, бирок ал үчүн сөзсүз 13 адамды өлтүрүү керек беле? Радикалдашкан исламчылардыкы өттү жаман...
16.01.2015. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alooke, 10 жылдан бери токтоткула деп айтылып келген эскертуулорду уккан жок, эми оз жазаларын алышты. Сотко да беришкен, сот да экинчи тараптын пайдасына чечип берген.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: