Башкы прокуратура Садыр Жапаровдун китебиндеги фактылар боюнча кийинки аптада маалымат берет
Кийинки аптада Садыр Жапаровдун китебиндеги фактылар боюнча Башкы прокуратура Жогорку Кеңеште маалымат берет. Бул тууралуу спикер Асылбек Жээнбеков парламенттин 15-январдагы жыйынында айтты. "2013-жылы да эл өкүлдөрү бул маселени көтөрүп чыгышкан болчу. Мына азыр да көтөрүлүүдө, Садыр Жапаровдун китебинде жазылган фактыларды прокуратура териштирип жатат. Кийинки аптада парламентте маалымат берет",- деди Жээнбеков.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Буга чейин депутаттар Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" деген китебиндеги айтылган фактыларды иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүүнү демилгелеп чыгышкан болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

