Асылбек Жээнбеков жаш балдарды эмдөөгө алып баруу керектигин айтты
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков коопсуздук үчүн ата-энелер жаш балдарын эмдөөгө (прививка) алып барышы керек деп эсептейт. Муну спикер парламенттин 15-январдагы жыйынында билдирип, бул боюнча талаштарга жакында чекит коюларын айтты. "Комитетке тапшырма берилет, бул талаштуу маселени аягына чыгарышыбыз зарыл. Жарымы "эмдесе болот" десе, жарымы "болбойт" деп жүрүшкөнү туура эмес. Мамлекетте бирдиктүү саясат болушу керек, баарыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек. Депутаттар туура айтышты, балдар эмдөө албай ооруп калып, аны башка балдарга жуктуруп жүрүшү туура эмес",- деди төрага.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

