super.kg logo
  Саясат  

Чиновниктердин чет өлкөдө активдерге ээ болуусуна тыюу салууга депутаттар каршы чыгышууда

 
Парламент 15-январдагы жыйынында мамлекеттик кызматтагы адамдардын чет өлкөдөгү активдерге ээ болуусуна тыюу салчу мыйзам долбоорун 2-окууда карап жатканда айрым депутаттар демилгеге каршы чыгышты. Депутат Курмантай Абдиев бул кадам менен чет өлкөдө эмгектенип жаткан мигранттарды чочутуп алуу мүмкүн экенин айтты. "Бул чиновниктерге таасир этет дегенибиз менен, азыр мигранттар чет өлкөдө мүлк сатып алып жатышат. Биз аларды чочутуп албашыбыз керек",- деди Абдиев. 
Ал эми депутат Нарынбек Молдобаев эл өкүлдөрүн демилгеге каршы добуш берүүгө үндөдү. "Мисалы, менин Орусияда 3, Казакстанда 2 бөлмөлүү батирим бар, мен кайра депутат болуш үчүн аны сатып жиберишим керекпи? Мен аны балдарым үчүн алып койгом. Бул мыйзам долбоору туура эмес, мен сиздерди каршы добуш берүүгө чакырам",- деди депутат. 
Демилгечилер Молдобаевге "чет өлкөдөгү мүлкүңүздү 18 жаштан ашкан балаңызга каттатып койсоңуз болот" дешти.    





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: