super.kg logo
  Саясат  

Кожобек Рыспаев: "Бизнесте жүрүп 5-6 үй курсам, эмне үчүн депутат боло албашым керек?"

 
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев мамлекеттик кызматтагы адамдардын чет өлкөдөгү активдерге ээ болуусуна тыюу салчу мыйзам долбооруна каршы. Депутат муну парламенттин 15-январдагы жыйынында айтып чыкты жана мыйзам долбоорунун кемчиликтерин атады. 
"Мындай кылуу туура эмес, бизнес кылып жүрүп 5-6 үй курсам, ал үйлөрүм үчүн эмнеге депутат боло албай калышым керек? Бул норманы декларация тапшыруу жобосуна киргизип коюшубуз керек. Мамлекеттик кызматка келе турган адам мүлкүн декларацияда көрсөтүп, кызматка келе берсин. Минтип жарандардын укугун чектөө болбойт",- дейт Рыспаев. 
Айта кетсек, парламент жыйынында мамлекеттик кызматтагы адамдардын чет өлкөдөгү активдерге ээ болуусуна тыюу салчу мыйзам долбоору 2-окууда талкууланып жатат. Ага ылайык, чет өлкөдө мүлкү бар жарандар (чет өлкөдө 1 үйү гана бар жарандарга уруксат берилет) жогорку мамлекеттик кызматтарда иштей алышпайт.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: