Кемин районунда уурулукка шектелип жашы жете элек эки бала кармалды
Кемин районунда уурулукка шектелип жашы жете элек эки бала кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-январда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондун 77 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Анда ал өткөн жылдын 3-декабрь күнү дүкөнүн бекитип үйүнө кеткенин, эртеси эртең менен келгенде дүкөнгө уурулар кирип, кассадагы 15 миң сомун алып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 16 жана 17 жаштагы эки бала кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.