super.kg logo
  Саясат  

Ислам Каримов келерки президенттик шайлоого катышат

 

Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы быйыл өтүүчү президенттик шайлоого учурдагы өлкө башчы Ислам Каримовдун талапкерлигин бир добуштан жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда аталган партиянын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жарыялашты.

Маалыматка ылайык, президенттик шайлоо 2015-жылдын 29-мартында өтөт. "2007-жылдын 23-декабрында өткөн президенттик шайлоодо Ислам Каримов шайлоочулардын 88,1 пайыз добушуна ээ болгон. 2011-жылы Өзбекстанда президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу боюнча мыйзам кабыл алынган",- деп билдиришти партиядан.

Айта кетсек, Ислам Каримов 1990-жылдан 24-мартынан бери Өзбекстанды башкарып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: