“2010-жылы банктык уячалардан акчаны кимдер уурдагандыгы боюнча Башкы прокуратура маалымат бербей жатат” дейт депутат Нарматова
Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова 2010-жылы банктык уячалардан акчаны кимдер уурдагандыгы боюнча Башкы прокуратура маалымат бербей жатканын кайталады. Ошол себептүү уячалардан акчаны кимдер уурдагандыгы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу чыкпай жатканын кошумчалады. Жыйында депутат Исмаил Исаков эч ким акча уурдабаганын билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Бул ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жаманатты кылуу үчүн атайын уюштурулган иш. Уячадагы акчаны эч ким уурдаган эмес",- деди Исаков.
Башкы прокурор Аида Салянова да бул акчаларды уурдоо боюнча фактылар далилденбегенин айтып келгени маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

