“2 жаштагы баланы сабап, зордуктады” деп айыпталып жаткан жарандын аялы да кармалды

“2 жаштагы баланы сабап, зордуктады” деп айыпталып жаткан жарандын аялы да кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган аял учурда сурак берүүдө.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан.
Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран кармалган. Ал 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, зордуктаганын четке кагууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Провокация жарата турган билдирүүлөрдөн алыс болсоңуз.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.