super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда иштеген чет элдик ишкерлер менен жергиликтүү жарандардын айлыгын теңдештирүү сунушталууда

 
Жогорку Кеңеш 15-январда “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” демилгени 1-окууда карап жатат. Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстанда иштеген чет элдик ишкерлер менен Кыргызстандын жарандарынын айлык акысын теңдештирүүгө багытталат. Ал эми бул норма жумушка орношуу келишимине киргизилет. Эгерде ишкана тарабынан чет элдиктер жергиликтүүлөргө караганда көп айлык алганы аныкталса, 2-5 миң сомго чейин айып пул салынат. Депутаттар демилге туура көтөрүлүп жатканын айтышты. "Биз өзгөчө чет элдик инвесторлордун ишканасына барганыбызда жумушчулар ушул маселени карап берүүнү суранышат. Чындап эле айлыктарында айырмачылык чоң, долбоорду колдоп беришибиз керек",- дешти депутаттар.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: